AVN







МАНАС ЖАНА МАНАСЧЫЛЫК ӨНӨРДҮН ТАБИЯТЫ

МАНАС ЖАНА МАНАСЧЫЛЫК ӨНӨРДҮН ТАБИЯТЫ
 Dec 18, 2021  427

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин китепкана жана маалымат борбору тарабынан көрүнүктүү манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына жана 4-декабрь “Манас” күнүнө карата «Манас жана манасчылык өнөрдүн табияты» аттуу республикалык илимий – практикалык конференцияга болуп өттү. Анда 200 дөн ашык китеп, журнал, газеталардан турган көргөзмө уюштурулду. Манас жана Айтматов жумалыгына карата КМБнын АТФ дагы окуу залында Жалал-Абад колледжинин студенттери, окутуучу Мазакбай Раззаков агайдын жетекчилигинде улуттук тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү. Китепканачылар тарабынан улуу Манаска арналган китеп көргөзмөсү чыгарылды.