AVN







МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ - ДЕГЕН ТЕМАДА КУРАТОРДУК АЧЫК СААТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ - ДЕГЕН   ТЕМАДА КУРАТОРДУК АЧЫК СААТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Dec 18, 2021  528

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү  жана социалдык иштер ПЦКсынын  окутуучусу  Мейликан Кыбыраева  тарабынан   МЧББк-2-19  тайпасынын студенттери менен биргеликте  Манас жумалыгына арналган "Манастын балалык чагы" деген   темада куратордук ачык сааты өткөрүлдү.  

Манастын балалык чагы-баатырдын балалык чагынын алгачкы учуру жана турмушту таануунун башталышы эле.  Манас жандуудан жазганбаган баатыр, айтканынан кайтпаган бек бала болуп чоңоёт. Ушул балалык турмушун жана эпостогу кыргыздын оюндарын, каада салт, үрп-адаттары менен кошо  студенттер кыска,  мазмундуу кылып чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү менен   келген конокторго сахналаштырып  көргөзүп беришти жана бул куратордук саатын жыйынтыгында студенттер “Манас” эпосу боюнча дагы да болсо алган билимдерин бышыктай алышты.

  • МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ - ДЕГЕН   ТЕМАДА КУРАТОРДУК АЧЫК СААТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ - ДЕГЕН   ТЕМАДА КУРАТОРДУК АЧЫК СААТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ - ДЕГЕН   ТЕМАДА КУРАТОРДУК АЧЫК СААТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ