AVN







Ч. АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ СҮЙЛӨЙТ

Ч. АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ СҮЙЛӨЙТ
 Dec 18, 2021  584

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин, Жалал-Абад колледжинин педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн, чет тилдер ПЦКсынын Атк-01-21 жана Атк-02-20 тайпаларынын студенттери окуу жайдын "Манас жана Айтматов ааламы" аттуу бир айлыгына карата "Ч. Айтматовдун каармандары сүйлөйт" аттуу адабий иш- чара өткөрүштү.

Адабий кечеде Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын монологдору, жазуучунун чыгармачылыгына, каармандарына арналган көркөм окуулар англис, орус жана түрк тилдеринде аткарылды, ырлар жана бийлерди көрсөтүлдү. Адабий кеченин жыйынтыгында каармандардын монологун мыкты аткарган студенттерге ЖАКтын директору Б.М. Турдубаева тарабынан грамота берилди.

Ал классик деген сөздөр жарашты,

Ысмы дагы Шекспирге жанашты.                                             

Кыргыз эмес бүткүл аадам ичинде,-

Айтматовдой ким образ жаратты?!

Иш чаранын уюштуруучулары, Назгул Айылчиева, Гулбарчын Маткасымова,  Айтматовдун чыгармаларынан кызыктуу фактыларды баяндашып, студенттерге суроолорду беришти. Студенттер активдүү катышышып, мындан ары да мындай иш чаралар байма-бай уюштурулуп турушун айтышты.  Айтматовдун  ааламына дагы бир жолу саякат жасап, эскерип алышты.

 

 

 

  • Ч. АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ СҮЙЛӨЙТ
  • Ч. АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ СҮЙЛӨЙТ
  • Ч. АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ СҮЙЛӨЙТ
  • Ч. АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ СҮЙЛӨЙТ