AVN







ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНДА

ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНДА
 Dec 18, 2021  416

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин        Х-1-18 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практикасында жыйынтыктоочу сабактарын өтөшүүдө. Бул багытта кафедрадан бөлүнгөн практика жетекчилери студенттерден кабар алып, сабактарына катышып келүүдө.

         2021-жылдын 15-декабрында  Химия кафедрасынын практика жетекчилери Сузак районундагы Б.Шамшиев атындагы орто мектебинде болушуп, окуу бөлүмүнүн башчысы С.Осмонова, химия мугалимдери М.Багышева, З.Нурдиновалар менен бирдикте Х-1-18 тайпасынын студенти Айчүрөк Курбанованын 8-а классында “Алгачкы химиялык түшүнүктөр” главасы боюнча жалпылоочу сабагына катышып,  анализ берип, усулдук жардамдарды көрсөтүп келишти.

          Ушул эле күнү практика жетекчилери Ноокен районундагы  мектебинде  практика өтөп жаткан Момункул кызы Элнуранын ачык сабагына онлайн форматында катышып, пикирлерин билдиришти.

  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНДА
  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНДА
  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНДА
  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНДА
  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНДА