AVN







АДАМГА ЭҢ КЫЙЫНЫ - КҮН САЙЫН АДАМ БОЛУУ

АДАМГА ЭҢ КЫЙЫНЫ - КҮН САЙЫН АДАМ БОЛУУ
 Dec 18, 2021  23220

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын Х-1-21 тайпасынын студенттеринин  демилгеси менен  “Манас жана Айтматов ааламы” аталышындагы бир айлык иш чаранын алкагында   “Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу” деген темада иш чара болуп өттү.

          «Адамга эң кыйыны - күн сайын Адам болуу. Адамдын абийири күн сайын сыноого түшөт» - деп кыргыздын залкар жазуучусу, улуу инсан Чынгыз Төрөкулович Айтматов таамай айткан. Адам болуу, адамдыктын идеалын сактоо, анын ыйман тазалыгына умтулуу - бул жазуучунун ыймандык кодекси. Бул сөздөр жазуучунун бизге калтырган аманат сөзү, аманат акылы.

           Улуу инсаныбыз, кыргыздын уулу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш  чарада студенттер  анын өмүр баяны, чыгармачылык жолу, коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө докладдарды,  чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм  окушуп, обондуу ырларды аткарышты.

         Ала-Тоонун ак кар, көк муз баскан чокулары турганда, көкүрөгүбүздө кыргыз руху турганда, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет!

  • АДАМГА ЭҢ КЫЙЫНЫ - КҮН САЙЫН АДАМ БОЛУУ
  • АДАМГА ЭҢ КЫЙЫНЫ - КҮН САЙЫН АДАМ БОЛУУ
  • АДАМГА ЭҢ КЫЙЫНЫ - КҮН САЙЫН АДАМ БОЛУУ