AVN

ЭКОНОМИКА БАГЫТЫНДА БИЛИМ АЛГАН СТУДЕНТТЕРГЕ «АКЧА КРЕДИТ ЖАНА БАНК» ДИСЦИПЛИНАСЫ БОЮНЧА АДИСТТЕР ЛЕКЦИЯ ӨТҮШТҮ

 Dec 18, 2021  646

2021-жылдын 8-11-декабырында Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика багытында билим алган студенттерине теория менен практиканы айкалыштыруу максатында “Акча, кредит жана банк” дисциплинасы боюнча, ААК «Кыргызстан» коммерциялык банкынын башкы кеңсесинин кызматкери кредиттөө бөлүмүнүн аймактык менеджерлеринин андеррайтер-верификатору Айжан Нусубалиева,            Жалал-Абад башкы дирекциясынын корпоративдик бизнес менеджери Назгул Малабаева, Жалал-Абад башкы дирекциясынын операциялык бөлүмүнүн башчысы Гаюп Кочоров, Жалал-Абад башкы дирекциясынын кредит бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Темиров конок катары  лекция өтүштү. Бул иш чара эсеп жана каржы кафедрасынын профессору э.и.д. А.К. Аскарова жана кафедранын доц. м.а.Г.С. Жамашеванын жетекчилиги астында уюштурулган. Иш чара  обзордук-визуализацияланган практикалык көнүгүүлөрдүн негизинде өткөрүлгөн. Бул тууралуу экономикалык-юридикалык факультетинин деканы А.К. Аскарова билдирди. Анын айтымында лекцияда төмөнкү темалар боюнча талкуулар жүргузүлдү: жүрүм-турум кодекси, банк сырлары, кардарлардын талабына ылайык иш алып баруу, сатуу негиздери, төлөм карталары, мобилдик банкинг, кредиттөөнүн негиздери, каржы математикасы (пайыздык эсептөө, графиктердин түрлөрү).

Конок лекциялардын жыйынтыгында студенттерге сертификаттар тапшырылып, окуу жайдын  жетекчилиги тарабынан лекция өткөн ААК «Кыргызстан» коммерциялык банкынын кызматкерлерине ырыызычылык кат берилген.

  • ЭКОНОМИКА БАГЫТЫНДА БИЛИМ АЛГАН СТУДЕНТТЕРГЕ «АКЧА КРЕДИТ ЖАНА БАНК» ДИСЦИПЛИНАСЫ БОЮНЧА АДИСТТЕР ЛЕКЦИЯ ӨТҮШТҮ