AVN







ТАБИГЫЙ-ТЕХНИКЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН БИОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНДА СЕМИНАР

ТАБИГЫЙ-ТЕХНИКЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН БИОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНДА СЕМИНАР
 Dec 18, 2021  363

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин биология кафедрасынын 4-курсунун студенттери 18-октябардан 25-декабрга чейин шаардык мектептерге (кесиптик-профилдик) педагогикалык практикага чыгышкан. Кафедрадан бөлүнгөн методист жетекчилер мектепке барышып студент-практиканттарга методикалык жардамдарын  көрсөтүп сабактарына катышат. Биология кафедрасында 11-декабарда мектеп менен кафедранын ортосундагы байланышты жакшыртуу максатында “Билим берүүнүн жана билим алуунун айрым көйгөйлөрү” деген семинар болуп өттү. Студент-практиканттар кафедрада алган билимдерин кандай мазмунда жана көлчөмдө мектеп окуучуларына билгичтик менен билим бере алат? деген маселе мектеп мугалимдерин кызыктырып келгендигин айтышып, өз ойлорун ортого салышты.  Студенттер теориялык алган билимдерин практика учурунда колдоно алышы көп маселелерди жаратары белгилүү экендигин айтышты.  

    Студент-практиканттар менен мектеп жетекчилеринин, предметтик мугалимдердин жана окуучулардын ортосундагы айрым маселелерге да токтолушту. Бул семинарда студенттерге жеткиликтүү көрсөтмөлөр берилди. Студенттер мурунку этаптарда өздөштүргөн билимин жаны, өзүнө тааныш эмес ситуацияларда, чыгармачылык менен пайдаланууга даярдоо үчүн аларга  көрсөтмө берүү зарыл экендигин белгилешти.