AVN







Улуттук илимдер академиясынын президенти Жуматаев Муратбек Садырбекович Жалал – Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулары менен жолугушту

Улуттук илимдер академиясынын президенти Жуматаев Муратбек Садырбекович Жалал – Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулары менен жолугушту
 Feb 16, 2018  1039

2017-жылдын 16-февраль күнү Улуттук илимдер академиясынын президенти М.С. Жуматаев, түштүк бөлүмдүн төрөгасынын милдетин аткаруучусу И.Т.Тайчиев, академик Б.А. Токторалиев, башкы окумуштуу катчы Жээнбаев Б.М. , КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси И.А.Масабиров, Жалал-Абад шаарында жайгашкан 2 илим изилдөө институттарынын кызматкерлери,  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Ж.Усенов жана илимдин докторлору, Жалал-Абаддагы эл аралык университеттин илимпоздору менен Жалал-Абад облустук администрацияда жолугушуу өткөрдү.

         Алгач Муратбек Садырбекович илимдер академиясында болуп жаткан реформа боюнча маалымат берип, илимди каржылоонун түрлөрүнө токтолду. Жалал-Абад областынын илим изилдөө институттарынын тагдыры боюнча маалымат берди. Ошондой эле, 2019-жылдан баштап илимдер академиясынын каржылоо системасы жаны түргө өтөрүн айтты.

Бекмамат Мырзакматович да өз сөзүндө илим тез ылдам менен өнүгүп жаткандыгына байланыштуу,  өкмөттүн өнүгүүдөгү 40 кадам программасына ылайык, бизде да бир топ жакшы жумуштар башталып жаткандыгын айтты.

Тайчиев И.Т. өз сөзүндө: келечекте түштүк бөлүмдө багыттар боюнча илимий техникалык кеңеш түзүлүшүн жана Жалал-Абад шаарында “Жалал-Абад илимий борбору” ачылса, шайлоону өткөрүп татыктуу жетекчисин дайындоого аракет кылышын билдирди.

Кеңешбек Жумабекович академияда болуп жаткан реформа боюнча оюн айтып, интеграция маселесин туура чечүүгө аракет кылышыбыз зарылдыгын жана бир топ маселелерге токтолду.

Профессор Аширалиев А., Кыдыралиев С.К., Арабаев А.А., Кожалиев А.К. жана Жалал-Абаддагы илимий  институттардын директорлору улуттук илимдер академиясында болуп жаткан  реформа боюнча көз караштарын билдиришти.

  • Улуттук илимдер академиясынын президенти Жуматаев Муратбек Садырбекович Жалал – Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулары менен жолугушту
  • Улуттук илимдер академиясынын президенти Жуматаев Муратбек Садырбекович Жалал – Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулары менен жолугушту