AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА

БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА
 Dec 18, 2021  347

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери  “Майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнө” карата жарыяланган “Биз биргебиз” аттуу акцияны ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусундагы “Бирдиктүү–багыт майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясынын” мүчөлөрүнө материалдык жана азык түлүк жардамдарын жеткиришти.  

Көрсөтүлгөн жардамдар окутуучулардын жана студенттердин жеке каржылоосу менен камсыздалган. Колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г. И. Темирбаева, - “Окутуучулар тарабынан сунушталган бул ойду колдоого алган студенттерге ыраазыбыз. Биздин арзыбаган белектерибизге кубанга көздөрдү көргөн студенттер алар менен жакындан баарлашып жылуу пикирлерин айтышты. Анан биздин бул аракетибиз мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар өздөрүн  мекенибиздин дени сак жарандары катары сезүүсүнө түрткү болот деп ишенебиз. Биз жана биздин студенттер колубуздан келген жардамыбызды берибиз жана башкаларды да чакырабыз”, - деди.   

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 10-апрелиндеги  №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн  жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” токтомун турмушка ашыруу максатында кабыл алынган КРнын  Жалал-Абад областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2013-жылдын 21-мартындагы  №188-б буйругун ишке ашыруу максатында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 3-декабрь “Майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнө” карата 15-ноябрдан 15-декабрга чейин “Биз биргебиз” аттуу акция жарыяланган. Акцияга ылайык окуу жайдын баардык бөлүмдөрүндө кайрымдуулук иштери жүрүп жатат.

 

  • БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА
  • БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА
  • БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА
  • БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА
  • БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА
  • БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА
  • БИЗ БИРГЕБИЗ АТТУУ АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА