AVN







ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
 Dec 15, 2021  519

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил Мыйзамынын 32 жылдыгынын урматына КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби уюштурган “Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда” Республикалык фестивалында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети экинчи орунга ээ болду.

Фестиваль 14 декабрь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болуп өттү. Фестивальга Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер окуган сегиз жогорку окуу жай катышкан. Жыйынтыгында баш байгени Эл аралык жогорку медициналык окуу жайы, биринчи орунду Ош мамлекеттик университети, экинчи орунду Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети ээлеген. Ал эми, үчүнчү орунга үч окуу жай ээ болду. Алар, Иса Акунбаев атындагы медициналык академиясы, Кыргыз Эл аралык университети, Бишкек Гуманитардык Университети. Соңунда Эл аралык жогорку медициналык мектеби уюштурган бул иш-чара мыкты деп бааланып, кийинки жылы Ош мамлекеттик университети өткөрмөй болушту.

Эске салсак, сынакка ЖАМУнун медицина факультетинен тандалып алынган Индиялык беш студент катышкан. Алар ЛДи-2-18 тайпасынынын студенттери Шейх Мераж, Сингх Екантши, Катарин Салони. Ал эми, ЛДи-15-19 тайпасынан Усман Мухаммад, ЛДи-8-17ден Мутукумарасами Кишорскумари. Студенттерди даярдап, фестивальга алып барып келүү жагын Фарух Абдул Шахид, окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун көркөм жетекчиси Ырыспай Шаимкулов, медицина факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Айчүрөк Адыкулова жана окутуучу Гүлбарчын Каленбековалар колго алышкан. Бүгүнкү күндө ЖАМУда 4000ден ашуун чет өлкөлүк студенттер түрдүү багытта окуп, билим алышат.  

  • ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
  • ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
  • ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
  • ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
  • ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
  • ЖАМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФЕСТИВАЛДА 2 ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ