2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан республикабыздын ЖОЖдорунан тандалып алынган эң мыкты студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Президенттик стипендияга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин П-1-18 тайпасынын студенти Барчынай Хазыходжаева жана табият таануу факультетинин ветеринария адистигинин В-1-18 тайпасынын студенти Эрнис Масиркулов татыктуу болду.
Президенттик стипендианттарды чын жүрөктөн куттуктап, окууда, илимий жана коомдук иштерде чоң ийгиликтерди багындыра беришине тилектешпиз!