AVN

4-декабрь. Манас эпосунун күнүнө карата жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 93 жылдык маарекесине арналган эки жумалык иш-чаралар өткөрүлдү

4-декабрь. Манас эпосунун күнүнө карата жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 93 жылдык маарекесине арналган эки жумалык иш-чаралар  өткөрүлдү
 Dec 14, 2021  403

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кара-Көл колледжин МТ жана ТИ боюнча 2021-2022-жылдык иш пландын негизинде “4-декабрь. Манас эпосунун күнүнө” карата жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 93 жылдык маарекесине арналган эки жумалык иш-чаралар өткөрүлгөн иш-чара жөнүндө маалымат.

10-декабрь күнү Кара-Көл колледжинин базасында “2013-ж. 4-декабрь “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурасы” тизмесине кирүүсүнүн мааниси темасында студенттер арасында илимий семинар болуп өттү.

Студенттер арасындагы илимий семинарды Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин директору., доцент Чолпонкулов Шайырбек Сатыбалдыевич ачып, “Манас” эпосу дүйнө маданият казынасынын “Алтын фондунун” адамзаттын баалуу мурасы катарындагы орду жөнүндө, өз сөзүндө баяндап берди.

Мындан сырткары Синдзян педагогикалык университетинин “Манас таануу” илимий изилдөө борборунун жетекчиси профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен жолугушуусу, 2012-жылы Кытай өкүмөтү тарабынан колдоого алынган ишмердүүлүгүн, 2013-2014-жыл аралыгында “Азыркы кыргыз тили”, “Манас таануу” жана “Айтматов таануу” деген үч окуу иштерин биргелешип кыргыз тили жана адабият фондуна кошуп жаткан салымдарын баалады.

Студенттер арасындагы илимий семинардын катышуучуларына “Ч.Айтматов жана Манас эпосу” аттуу кыска метраждуу тасма тартууланды. Андан соң сөз, колледждин кыргыз тили жана адабияты окутуучусу, филология илимдеринин магистри Мамытова Мунара Курманалиевнанын “Манас кыргыз рухунун туу чокусу” темасында доклады окулду. Докладда “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурасы” тизмесине кирүүсүнүн мааниси, дүйнө жүзүндө “Манас” эпосуна байланыштуу географиялык аталыштар, анын тарыхый маңызы жана эпостун руханий баалуулугу жөнүндө баяндалды.

Андан кийин сөз, колледждин МТ жана ТИ боюнча директордун орун басары, кытай филологиясынын магистри., Эшназаров Алмазбек Баймурзаевичке берилип, ал студенттик илимий семинар жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы, анын бүгүнкү коомдун эң маанилүү оорду, келечек муундарга тарбиялык маңызы жөнүндө өз сөзүндө маалымдады.

Ошондой эле 2010-жылы Үрүмчү шаардындагы Синдзян педагогикалык университетиндеги уюштурулган “Манас эпосунун – күндөлүгү” коомдук маданий иш-чарасында кыргыз элдик эпосун алгачкылардын болуп изилдеген, кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор, кытайдагы “Тоо гүлү” жана Кыргыз Республикасынын “Даанакер” (2011) орденинин ээси Лаң Иң (郎樱) айымдын эпостун изилденүүсүнө кошкон зор эмгеги жана анын кытайлык аз сандуу элдердин маданияты фондундагы оордун баяндап өттү. “Жунго аз сандуу улуттардын баатырдык эпосу, “Манас” аттуу атайын эмгеги басмадан чыгарылгандыгы менен бирге кытайлык улуу манасчы Жусуп Мамайдын вариантынын излденүүсүнө, кыргыз адабиятынын, элдик фольклорунун излденүүсүнө жана СПУга “Манас” эпосун изилдөө болборунун ачылышына салымы чоң экендигин айтып өттү.

“Манас эпосу Саякбай Каралаевдин вариантында” уктуруу болду. Аны коштоо менен ЭБУк-1-20 жана БКМк-1-20 тайпасынын “Манасчы” кыздарына кезек берилди.

Студенттик илимий семинарды тайпа студенттери тарабына даярдалган илимий докладдар, дил баян жана көркөм окуулар менен улантылды.
Студенттердин илимий семинары ийгиликтүү аякталды.

  • 4-декабрь. Манас эпосунун күнүнө карата жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 93 жылдык маарекесине арналган эки жумалык иш-чаралар  өткөрүлдү