AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ!

БИЗ БИРГЕБИЗ!
 Feb 16, 2018  978

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология факултетинде кафедралар аралык  “Биз биргебиз!” аттуу фестивалы болду. Ага жалпы беш кафедранын студенттери катышып, беш мамлекеттин улуттук маданияты студенттер тарабынан көргөзүлдү.

   Филология факултетинин деканы Гулбарчын Орозбаеванын айтымында фестивалдын максаты достукту чыңдоо жана ар улуттун маданиятын даңазалоо болуп саналат.

   Студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү биздин милдет. Андыктан башка улуттардын каада-салтын, нарк-насилин окуу жайдан аз болсо да билип алса, келечекте чет жактарга чыгып калышса маалыматы бар болот. Андыктан мындай иш-чара жыл сайын салт катары уюштурулуп келет.

   “Биз биргебиз! фестивалында кыргыз, орус, англист жана немец маданияты көргөзүлүп, сахналашкан көрүнүштөр студенттер тарабынан даярдалган. Жогорудагы факултетте ушул тилдерден жаштар билим алышат. Ошондуктан тилин билип тим болбой, маданиятын да айкалыштырып үйрөнүп келишет.

    Ал эми калыстар тобунун милдетин факултеттин деканы Гулбарчын Орозбаева, ЖАМУнун маданий эстетикалык борборунун адиси Жусуп Масеитов жана Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдор аркалашты. Жыйынтыгында катышуучуларга дипломдор ыйгарылды.

  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!