AVN

ЗАМАНБАП КООМДОГУ СОЦИАЛДЫК ИШТЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ

ЗАМАНБАП КООМДОГУ СОЦИАЛДЫК ИШТЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ
 Dec 14, 2021  427

ОшМУнун Аспирантура бөлүмү тарабынан уюштурулган “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференцияда “Заманбап коомдогу социалдык иштерди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу” аттуу VII секцияда доклад жасагандыгы үчүн ЖАКтын студенти I даражадагы диплом менен сыйланды. Жалал-Абад колледжинин окутуучусу А.А.Ташматова жана А.Анарбай кызы тарабынан Социалдык иш адистигинин 2-3-курстарынын студенттери аталган конференциянын “ЗАМАНБАП КООМДОГУ СОЦИАЛДЫК ИШТЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ” аттуу секциясына катышышты. Анда жалпысынан 7 студент катышып, алардын ичинен мыкты баяндамасы үчүн Оморбекова Мээрим ардак грамота менен сыйланса, Алмазбек кызы Бибинур “Миграция: келип чыгуу себептери жана кесепеттери” атуу баяндамасы менен ЖОЖдун студенттери арасында өткөрүлгөн конференцияда I даражадагы диплом менен сыйланды. Кошумчалай кетсек, бул конференцияда негизинен өлкөбүздүн түштүк аймагындагы Ош мамлекеттик университети, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту жана К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университети катышышты.

Мектепке чейинки билим берүү жана

социалдык иш ПЦКсынын төрайымы А.А.Ташматова

  • ЗАМАНБАП КООМДОГУ СОЦИАЛДЫК ИШТЕРДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ