AVN







ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ

ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ
 Dec 14, 2021  387

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 2021-жылдын  25-октябрындагы №39-б буйругуна ылайык  “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүн” белгилөө  максатында медициналык колледжинин студенттери арасында “Жаштар СПИД илдетинин жайылышына каршыбыз” деген темада сынак Ад-1-21, Лд-1-21, Фарм-1-21, Фарм-2-21, Фарм-3-21, Фарм-4-21 тайпаларынын  арасында уюшулду. Сынак студенттерге ВИЧ/СПИД илдетинен кантип сактануу жолдору, СПИДке кабылып калган адамга кантип жардам берүү керектигин, жаштар СПИД илдетинин жайылышынын алдын алуу үчүн ар бир жараан кайдыгер карабоо, бирин-бири сыйлоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында өткөрүлдү. Сынактын  программасы:

  1. Саламдашуу, өз атын чечмелөө
  2. Видеоролик даярдоо (СПИД илдети боюнча)
  3. Сахналык көрүнүш (СПИД илдетине байланыштуу)
  4. Суроо жооп  (СПИД илдети боюнча)

Ар бир тайпадан сынакка 12 студент катышып,  студенттер сынакта өздөрүнүн таланттарыны жогорку денгээлде көрсөтө алышты. Сынакта кара кылды как жарган калыстар тобу  колледждин окутуучулары Алимбаева Гүлбара, Казакова Рапия, Жаркын кызы Айданалар болду. Жыйынтыгында:  1-орунга  205 упай менен Ад-1-21 тайпасынын “Ден-соолук”  жана  Фарм-3-21 тайпасынын   “Сергек жашоо”, 2-орунга 195 упай менен  Фарм-2-21 тайпасынын  “Үмүт”,  Лд-1-21 тайпасынын  “Дени сак муун”, 3-орунга 187 упай менен  Фарм-1-21 тайпасынын “Дени сак улут”, Фарм-4-21 тайпасынан “Антитаксин” командалары ээ болушуп, колледждин дипломдору жана баалуу белектер менен сыйланышты. СПИД илдетин  токтотууга ар бир жараан кайдыгер карабай, ар дайым студенттер арасында СПИД боюнча сынактар, тегерек столдор тынымсыз өткөрүлүп,  студенттерге кеңири маалыматтар берилип турат - дейт колледждин тарбия  иштер боюнча директордун орун басары  Гүлнар Темирбаева.

  • ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ
  • ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ
  • ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ
  • ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ
  • ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ
  • ЖАШТАР СПИД ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫБЫЗ