AVN







ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО

ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО
 Dec 14, 2021  393

Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №231.  2017-жылдын 26-октябрындагы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында, КРнын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынын аппаратынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы №04 -07/3060 сандуу катынын негизинде  медициналык колледжинде 2021-жылдын ноябрь айында “Өмүрү өрнөк инсандарды эскерүү жана даңазалоо”  аталышындагы бир айлык иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. “Өмүрү өрнөк инсандарды эскерүү жана даңазалоо” аталышындагы иш-чарада “Аалам жана Айтматов” деген темада  Ад-1-21, Лд-1-21 тайпаларынын студенттери “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим” чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып көрсөтүштү.  “Турдакун Усубалиевтин тарыхтагы орду” деген темада  Сд-1-21, Сд-1-20 тайпаларынын студенттери Турдакун Усубалиевтин өмүр жолуна, эмгек жолуна кеңири токтолушту. “Сүймөнкул Чокморовдун маданиятка кошкон салымы” деген темада Фарм-4-20 тайпасынвн студенттери Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз тарыхына, кыргыз маданиятына кошкон салымын даңазалашып, “Караш-караш”, “Кызыл алма”  кинолорунан сахналаштырып көрсөтүштү. “Улуу манасчылар Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбеков, Жусуп Мамай кыргыз тарыхындагы орду” деген темада  Фарм-1-20, Фарм-2-20, Фарм-3-20 тайпаларынын студенттери Улуу Манас эпосуна, кыргыздан чыккан манасчылар Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай жөнүндө эскеришип, студенттер манастан үзүндү аткарышты. Фарм-2-20 тайпасынын куратору Бакалаева Лайликан интернеттен “Коххат” программасын колдонуп Манас эпосу боюнча тест иштетип, тесттен жогору бал алган студенттерге куратор тарабынан белектер берилди. “Кыргыз коомундагы медицина чебери (Ахунбаев Иса Коноевичтин өмүр жолу, эмгек жолу)” деген темада Ад-1-19, Лд-1-19 тайпаларынын студенттери Ахубаев Иса Коноевичтин кыргыз медицинасына кошкон салымын даңазалашып,  Лд-1-19 тайпасынын студенти Кудратбек уулу Абдувахид Иса Ахунбаевтин ролун аткарып сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү. “Медицина М.Мамакеевдин жашоосунда (Мамакеев Мамбет Мамакеевтин өмүр жолу, эмгек жолу)” деген темада Сд-1-19, Лд-1-18 тайпаларынын студенттери Мамакеев Мамбет Мамакеевдин өмүр жолун, эмгек жолун даңазалашып, Матбет Мамаеевдин медицинадагы ордун сахналаштырып көрсөтүштү.  “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей алардын кыргыз маданиятына, кыргыз тарыхына жана коомго кошкон салымдары, кылган эмгектери эскерилип,   видеороликтерди жасашып, куратордук ачык  сабактар жогорку денгээлде өткөрүлдү. Бир айлык иш-чараны медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары  Г.Темирбаева тарабынан уюшулуп, жыйынтыгы чыгарылды. Студенттерди париоттуулукка, мекенди сүйүүгө, ыймандуулукка, тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу максатында бир айлык “Өмүрү өрнөк инсандарды эскерүү жана даңазалоо” иш-чарасы өткөрүлдү. Куратордук сабактарды өтүүдө бардык кураторлор активдүү катышышты, кураторлордун ичинен өзгөчө белгилеп өтүүчү кураторлор С.Абазова, Б.Бакалаева, Р.Казакова, Г.Чымбердиева,  Ч.Юсупова, Ш.Балабаева, А.Примкулова, Д.Болотова, Садырбек кызы Э, К.Хайткулова, А.Мамасадыковалар  бир айлык иш-чарага тайпалары менен активдүү катышышты.

 

  • ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО
  • ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО
  • ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО
  • ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО
  • ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО
  • ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО
  • ӨМҮРҮ  ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО