AVN







КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!

КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
 Dec 14, 2021  397

Конфуций институтунда 11.11.21. күнү “Кытайча ырдайбыз” аттуу кытай ырларын ырдоо конкурсу онлайн түрүндө болуп өттү. Ага 15 конкурсант катышып, өздөрү тандап алган ырларын кытайча аткарып беришти. Талапка ылайык, ырдын мазмуну, аткаруучунун кытайча сөздөрдү туура айтуусу, жеткире ырдашы, аткаруу чеберчилиги, кийген кийими калыстар тобу тарабынан объективдүү бааланды.

Натыйжада, студенттер арасынан Мырза кызы Батма “Досум, кош бол!” ыры менен 1-орунду, Келдибаева Айзирек “Дос” ыры менен 2-орунду ээлешти.

Мектеп окуучуларынын арасынан Турдубаева Айбийке “Жомок” аттуу ырды аткаруу менен 1-орунга, Манапбаева Аяна “Буудайды шамал терметет” ыры менен  2-орунга, Рахманова Нурайым “Учкум келет” ыры менен 3-орунга ээ болушту.

Сынакка катышкан бардык конкурсанттарга баалуу белектер, сыйлыктар тапшырылды.

Институттун директору М.Шакирова: “Жыл сайын өткөрүлүүчү бул конкурска тил үйрөнүүчүлөр абдан кызыгуу менен катышышат. Кытайча ырларды жаттоо, аны обону менен ырдоо тил үйрөнүүгө кызыгууну арттырат, жардам берет. Быйылкы ыр сынагына катышуучулар клиптерди тарттырышып, кытайча формаларды кийишип, өздөрү окуп жаткан жерлерден видеолорду тартышып, аны ырдап жатканда көрсөтүшкөн. Мунун бардыгы – катышуучунун аракети, жоопкерчилиги, чыгармачылыгы, изденүүчүлүгү катары калыстар тобу тарабынан көңүлгө алынып, жогору бааланды”, - деген оюн билдирди.  

 

 

  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!
  • КЫТАЙЧА ЫРДАЙБЫЗ!