AVN







КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР HSK СЫНАКТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ...

КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР HSK СЫНАКТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ...
 Dec 14, 2021  354

КНРдин жогорку окуу жайларында стажировкадан өтүп келүү – институттагы ар бир тил үйрөнүүчүсүнүн максаты. Кытай тилин үйрөнүп, өз учурунда HSK1, HSK2, HSK3, HSK4, HSK5, HSK6 сынактарын тапшырып туруу - Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрүнүн өз деңгээлдерин аныктап турганга, ийгиликтүү тапшыргандар КНРге 1 жылдык, 5,6 айлык стажировкаларга акысыз барып келүүгө түзүлгөн эң жакшы шарт.

Бул жолу да сынаккка институттун бардык пунктуларынан – Сузак, Базар-Коргон райондорунан, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад шаарынан, ЖАЭАУдан жана институттун өзүндөгү курстардан болуп – жалпысынан 50дөн ашуун тил үйрөнүүчү катышты.  Алардын ичинен ЖАМУнун эл аралык укук - кытайтаануу адистигинин студенттери активдүү катышып, 2 деңгээлди - HSK3, HSK4 сынагын тапшырышты. Алардын айтуусунда, онлайн окуу учурунда тил үйрөнүү бир топ кыйындашкан. Окутуучулардын бардык аракеттерин жумшап окутканына карабастан тил үйрөнүүчүлөр, өзүлөрү пасивдүүрөөк болушкан. Бирок аз убакыттын ичинде сынактарга биргеликте даярданып, бири-бирине жардамдашып үйрөнүп, чогуу киришкен. Алар ийгиликтүү жыйынтыкка жетишип, жогорку балл алууну күтүп жатышкандыгын билдиришти.

Мындан мурдагы сынактардан ийгиликтүү өтүшкөн студенттер КНРдеги 100 топтун ичине кирген  Шанхай, Пекин, Чэнду, Үрүмчү ж.б окуу жайлары менен келишим түзүшүп, стажировкага чакырылган. Пандемиянын айынан көпчүлүгү стажировкасын онлайн окушкан, көпчүлүгү кийинки жылга которушкан.

 

  • КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР HSK СЫНАКТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ...
  • КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР HSK СЫНАКТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ...
  • КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР HSK СЫНАКТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ...
  • КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР HSK СЫНАКТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ...
  • КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР HSK СЫНАКТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ...