AVN







КОНФУЦИЙДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ БОЛУП ЖАТАТ

КОНФУЦИЙДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ БОЛУП ЖАТАТ
 Dec 14, 2021  364

Конфуций институтунун кытай окутуучулары жана волонтерлору үчүн кыргыз тили курсу уюштурулган. Кыргыз тили курсун окутуучу У.Өмүрзакова өтүп жатат. Анын айтуусунда, ар сабакта ар кандай тематикалык сүйлөшмөлөрдү үйрөтүп, көрсөтмөлөрдү, сүрөттөрдү, слайддарды, видеолорду онлайн түрүндө пайдаланып, ZOOM программасы аркылуу кытай окутуучулары менен бирге иш алып баратат. Алар кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыкдар жана өтүлүп жаткан материалдарды тез, ыкчам үйрөнүп жатышат. Жадыбалы ийкемдүү түзүлүп, окутуучулардын бош убактыларына ыңгайлаштырылган.

Кытай окутуучуларынын кыргыз тилин билүүсү  - кытай тилин кыргыз тили аркылуу үйрөтүүдө өтө маанилүү. Ошол себептүү институтта кыргыз тилин үйрөтүүчү курстар долбоор катары уюштурулуп келе жатат.

 

  • КОНФУЦИЙДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ БОЛУП ЖАТАТ
  • КОНФУЦИЙДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ БОЛУП ЖАТАТ
  • КОНФУЦИЙДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ БОЛУП ЖАТАТ