AVN







ХИМИКТЕР РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ

ХИМИКТЕР РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ
 Dec 13, 2021  353

         Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин Химия адистигинин  Х-1-18 тайпасынын студенттери 10 жумалык кесиптик-профилдик практикасын Жалал-Абад шаарындагы, Сузак, Ноокен районундагы мектептерде өтөп жатышат.                          2021-жылдын 8-декабрында  4-курстун студенттери үчүн кесиптик-профилдик практикасынын рефлекциялык конференциясы болуп өттү.

         Рефлекциялык конференциянын негизги  - максаты студенттердин практика мезгилинде кездешкен көйгөйлөрүн практика жетекчилери менен биргеликте чечүү, өтүлүп жаткан сабактарга, жүргүзүлүп жаткан  тарбиялык иштерге  усулдук жактан көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика мезгилинде туш болгон көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти. Студенттердин суроолоруна практика жетекчилери жооп беришип, эркин баарлашуу жүргүзүлдү жана  жыйынтыктоочу отчеттук конференциянын талаптары боюнча маалыматтар берилди.

        Конференциянын ишине өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, Химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова, практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

 

 

  • ХИМИКТЕР РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ
  • ХИМИКТЕР РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ
  • ХИМИКТЕР РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ