AVN







“Ата Мекенди коргоо” күнүн утурлай

“Ата Мекенди коргоо” күнүн утурлай
 Feb 15, 2018  968

   «Ата Мекенди коргоо» күнүнө карата ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультети тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурду. Ал АТФнын спорт залында орун алып, 6 команданын ортосунда таймаш болду.

   Экономикалык-юридикалык факултетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Эмиль Төлөнов спорттук оюн “Ата Мекенди коргоо” күнүнө карата уюшулуп, анда оюн балдар арасында өткөрүлдү.

  Спорт ден соолуктун булагы, андыктан жаштарга бир гана билим берүү менен чектелбей спортко да тиешелүү деңгээлде көңүл буруп келебиз. Бул таймашта мыктылардын мыктысы аныкталып, 1-орунду Юк – 1-14 тайпасы алса, экинчи орунду ФКк – 1-16 тайпасы, 3-орунду БЭк – 1-15 тайпасы багындырды. Ошондой эле жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды деп билдирди – Э. Төлөнов.

   Андан сырткары аялдардын Эл аралык майрамына карата жана Ноорузга карата спорттук оюндар болоорун кошумчалады ал.

  • “Ата Мекенди коргоо” күнүн утурлай