2021-жылдын 11 декабрында Жалал-Абад колледжинин“Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили” ПЦКсынын окутуучулары тарабынан залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай “Кыргызымдын Чынгызы, кылымдардын жылдызы” аттуу сынак болуп өттү.
Иш чарада колледждин студенттери Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуп, каармандардын монологун айтып ошондой эле анын чыгармаларындагы каармандарга жазылган обондуу ырларды ырдашты. Жеңүүчүлөргө колледждин жетекчилиги сыйлыктарды, ардак грамоталарды тапшырды. Көрүүчүлөр дагы бир ирет Айтматовдун көөнөрбөс ааламына сүңгүп кирип, жан дүйнөсүнө руханий азык алышты.
2021-жылдын 11 декабрында Жалал-Абад колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили” ПЦКсынын окутуучулары тарабынан залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай “Кыргызымдын Чынгызы, кылымдардын жылдызы” аттуу сынак болуп өттү.