AVN







НЕМЕЦ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН ФОРМАТТА РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

НЕМЕЦ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН ФОРМАТТА РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
 Dec 11, 2021  379

2021-жылдын 9-декабрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология факультетинин "Немец тили жана адабияты" адистигинин Нт-1-18 тайпасынын студенттери, университеттин практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева жана практика жетекчилери менен биргеликте 11 (он бир) жумага пландаштырылган мамлекеттик кесиптик-профилдик практикасын өтөп жаткандыктары боюнча онлайн форматта рефлекциялык конференция өткөрүштү.  Студенттер "Немец тили" окуу борборуна, З.Э.А.У. колледжине, ФФнын "Немец тили жана адабияты" кафедрасына бөлүнүшкөн.

Бул рефлекциялык конференциянын максаты, студенттер менен практика жетекчилеринин байланышын чыңдоо, практика учурунда орун алган маселелери, көйгөйлөрү (күндөлүк сабактын планын жазуу, анализ, отчёт жана башка иш кагаздарын толтуруу ж.б.) боюнча жакындан жардам көрсөтүү эсептелет.

Конференциянын жыйынтыгында, практикант студенттер, практика учурунда жаралган баардык суроолоруна жетекчилерден жооп ала алышты.

  • НЕМЕЦ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН ФОРМАТТА РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ