AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ!

БИЗ БИРГЕБИЗ!
 Dec 11, 2021  354

 3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин күндүзгү бөлүмүндө окуп жаткан мүмкүнчүлгү чектелген студенттер менен   СИ жана МТ боюнча проректор Айгул Доранованын жетекчилиги алдында университеттин жаштар комитетинин социалдык маселелер боюнча сектору тарабынан уюштурулган “Биз биргебиз!” аталыштагы мотивациялык тегерк стол өткөрүлдү. Тегерек столдун жүрүшү мүмкүнчүлүгү чектелген 20 студенттн катышуусу менен эркин форматта пикир алмашуу, күнүмдүк жашоодогу жаралган көйгөйлөрдүн чечилүүсү, келечектеги пландар, максаттар жөнүндө кенен талкуу болуп кызуу  өттү. Ошондой эле студенттер университеттин “Америка ордосу” ресурстук борборуна, Конфуций институтуна,  маданий-эстетикалык борборуна, “Ден соолук” спорттук борборуна, жаштар комитетине кайрылып окуудан сырткары университеттин коомдук, маданий-эстетикалык, спорттук жана башка жашоосуна катыша  алышаарын белгиледи жана  бул жолугушуу иш чарасы акыркы жолу эместигин айтты.

Тактап айтсак университеттин факультет жана колледждеринде күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге жеңилдик берүү жобосунун негизинде,   мүмкүнчүлгү чектелген студенттерге (I жана II топтогу майыптар) окуу акысынан 50% жеңилдик берилген.

 Иш-чаранын соңунда студенттерди майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр, окууларында албан ийгилитктер жана кең келечек каалады. Ошондой эле  студенттердин ар бирине  университеттин логотиби түшүрүлгөн калпак, кепка жана Ч.Айтматовдун китебин белекке берди.

 

  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!
  • БИЗ БИРГЕБИЗ!