AVN

ҮЙ БҮЛӨЛӨРДҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН САКТОО ЖАНА КОРГОО

ҮЙ БҮЛӨЛӨРДҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН САКТОО ЖАНА КОРГОО
 Dec 11, 2021  434

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы 10-декабрь “Адам укуктарын коргоо” күнүнө карата “Үй бүлөлөрдү зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо” аттуу тегерек стол уюштурду.

 Бул тегерек столго “Жаш жарандардын өнүгүүсү” коомдук фондунун координатору Мунара Мамадалиева, Ош облустук юстиция башкармалыгынын адвокаты, укук коргоочу Гульмира Шарабидинова, Кызыл-Ай коомунун Жалал-Абад областындагы өкүлү Шаймерден Жанболот уулу катышты. Үй бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу, жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча субьектердин чөйрөсү, жарандардын укуктары жана милдеттери боюнча баяндама жасашты. Адистер студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. ЧТ-1-2-21 тайпаларынын студенттери үй бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча сахналаштырылган көрүнүштөрдү келген конокторго тартуулашты. Аны менен катар ЧТ-1-2-3-19 тайпалары тарабынан даярдалган видеороликтер көрсөтүлүп, баяндамалар жасалды.

  • ҮЙ БҮЛӨЛӨРДҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН САКТОО ЖАНА КОРГОО