AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИНИН ДОЛБООРУ МЫКТЫЛАРДЫН КАТАРЫНА КИРДИ

ЖАМУНУН СТУДЕНТИНИН ДОЛБООРУ МЫКТЫЛАРДЫН КАТАРЫНА КИРДИ
 Feb 14, 2018  896

ЖАМУнун студенти “Социалдык ишкердикти өркүндөтүү” долбооруна катышып, сертификатка ээ болду. Долбоор Борбордук Азия университети жана Coca Cola компаниясы тарабынан уюшулуп, ага Республикадагы бардык университеттин студенттери катышышкан.

    Алгач Кыргызстанда жайгашкан университеттерде уюштуруучулар тарабынан семинар өткөрүлүп, сынак жарыяланган.  Анда жалпы 806 долбоор жактырылып, анын ичинен 20 студенттин долбоорун тандап алышкан.

    Жогорудагы 20 долбоорундын катарына ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факултетинин 4-курсунун  студенти Адина Нийзанованын долбоору кирген.  Ал Борбордук Азия университетинде “Социалдык ишкердик” программасы боюнча  1 айлык  курста окуп, уюштуруучулардын сертификатын алды. Андан соң озү окуган окуу жайдагы жаштарга аталган долбоор боюнча кенен маалыматтарды берүү үчүн, атайын тегерек үстөл уюштурган