AVN







ДЕН СООЛУГУҢДУ ЖАШЫҢДАН САКТА

ДЕН СООЛУГУҢДУ ЖАШЫҢДАН САКТА
 Dec 10, 2021  519

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономикалык жана юридикалык факультетинде СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аны БЭк-1-21 тайпасына куратору Мусакулов Нурбек тарбиялык саат катары уюштурган. Ага Экономиалык-юридикалык факультетинин жамааты күбө болушту.

Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген ойдо бул иш-чараны уюштурулганын куратор билдирди.

Ошондой эле БЭк-1-21 тайпасынын студенттери атайын программанын негизинде СПИД боюнча баянда жасалып, ооруга чалдыккан адамдын монологу айтылган. Андан сырткары оору кандай жол менен кантип жугаары туурасында түшүндүрүп беришкен.

СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат: СПИД илдетине кабылган донордун - кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан.

Ал эми СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Оорунун белгилери дароо билинбейт. Мындай абал айлап, жылдап созулушу мүмкүн. СПИДдин эң негизги белгиси болуп - адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн, башкача айтканда иммунитетинин алсызданышы, бузулушу болупэсептелет.

 

  • ДЕН СООЛУГУҢДУ ЖАШЫҢДАН САКТА
  • ДЕН СООЛУГУҢДУ ЖАШЫҢДАН САКТА
  • ДЕН СООЛУГУҢДУ ЖАШЫҢДАН САКТА
  • ДЕН СООЛУГУҢДУ ЖАШЫҢДАН САКТА