Бүгүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Манасым менен улуумун” аттуу атайын иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун адиси Ырыспай Шайимкулов билдирди. Анын айтымыда саамалыкты уюштурууга окуу жайдын жаштар комитети да жигердүү катышкан. Манастын урпагыбыз деген сыймык менен 100дөй студент керней, сурнай, добулбастын коштоосунда чогу Манас айтышты.
Ал эмес, Жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн студенттер, билимдүү, бирдиктүү, Кыргызстан үчүн фестивалынын, Манас айтуу боюнча республикалык фестивалдын лауреаты, ЖАМУнун студенти Айдай Шерикбай кызы “Манас” эпосунан үзүндү айтып , күйөрмандардын купулуна толду.
Окуу жай бул иш-чара аркылуу “Манас” эпосун жаштар арасында жайылтууну, жаштарды мекенчилдикке, баатырдыкка тарбиялоону, улуу эпосту урпактарга калтырууну максат кылат.