AVN







ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ

ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
 Dec 6, 2021  464

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун,Табигый-техникалык факультетинин, биология кафедрасында, факультеттик  деңгээлде 1-декабрь, Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү  күнүнө карата “Дени сак эл- өнүккөн өлкө”  аталыштагы тарбиялык  иш-чара болуп өттү.

Мындай маалыматты аталган кафедранын а.ч.и.к., доценттин м.а. Бурулай Жолболдуевна билдирди. Анын айтымында Биология кафедрасында өткөрүлгөн  1-декабрь, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Дени сак эл- өнүккөн өлкө”  аталыштагы тарбиялык  иш-чарага биология, химия, география кафедрасынын студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Студенттер  арасында ВИЧ/СПИД илдетти кайсыл учурда жугат, канткенде жукпайт жана оорунун алдын алуу жолдору боюнча 3 кафедранын студенттери атайын түзүлгөн программанын негизинде уюштурулду. Ошондой эле бизге конокко келген, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык пунктун врачы  Нурсулуу Кыязбековна “СПИД илдеттинин келип чыгуу тарыхы” деген темада илимий баяндама жасады. Студенттердин мыкты баяндамалары, стенд газетасы калыстар тарабынан бааланып, 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланды.   

Табигый – техникалык факультетинин деканы, тех.и.к., доцент Жакып Шамиев 1-декабрь, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Дени сак эл- өнүккөн өлкө”  аталыштагы  тарбиялык  иш-чараны уюштуруп жаткан уюштуруу тобуна ыраазычылык айтуу менен дүйнө жүзүндө  47 млн.  адам ВИЧ/СПИД менен жабыркаса анын ичинен 37 млн.  ушул оору менен каза табарын белгилеп, ар бир инсан ВИЧ/СПИД илдеттеринин себептерин билиши керек экендигин баса белгиледи.

            География  кафедрасынын кафедра башчысы а.ч.и.к., доценттин м.а. Бактыгүл Момуновна азыркы учурдун талабы болгон актуалдуу көйгөйлөр боюнча  көптөгөн иш-чараларды уюштуруп турууну айтып, биология кафедрасына ыраазычылык билдирди.

Биология кафедрасынын  кафедра башчысы б.и.к., доцент Карачач Асановна  иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн, иш-чарага 35тен ашык студент жана профессордук-окутуучулук жамаат катышканын, мындай тарбиялык иш-чараны көбүрөөк уюштурууну студенттерге көптөгөн маалыматтарды жеткирүүнү белгилеп, биология кафедрасынын уюштуруучу тобуна ыраазычылык билдирди.

  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ
  • ДЕНИ САК ЭЛ- ӨНҮККӨН ӨЛКӨ