БИЗ СПИДКЕ КАРШЫБЫЗ АТАЛЫШЫНДАГЫ КУРАТОРДУК СААТ ӨТТҮ
Dec 6, 2021 550
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1988-жылдан бери жыл сайын 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү катарында белгиленип келет. Бул багытта Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин химия кафедрасынын Х-1-19 тайпасынын студенттери атайын куратордук саат өткөрүштү. Аталган куратордук саатка окутуучулар, студенттер катышып, ХХI кылымдын чумасы аталган СПИД жана ВИЧ жөнүндө кеңири маалыматтарды ала алышты. Х-1-19 тайпасынын студенттери Диёра Усенбай кызы, Винера Нусратова, Акдаана Таланбек кызы Вич/Спиддин кандай жолдор менен жуга тургандыгы жөнүндө доклад окушуп, студенттер тарабынан даярдалган видероликтер, презентациялар көрсөтүлүп, берилген суроолорго жооптор алынды. Куратордук сааттын аягында катышуучулар студенттерге терең ыраазычылык билдиришип, СПИД туралуу жаңы маалыматтарга ээ болгондугун белгилешти.
“Мындай куратордук сааттардын болуп турушу студенттер үчүн эң керектүү жана пайдалуу маалыматтарды берет деп ойлойбуз” - дейт уюштуруучу куратор А.О.Болотбеков.