AVN







ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРДҮ АНЫКТОО «ЛЕД КЕРБЕН-2021»

 Dec 6, 2021  369

Бүгүн Кыргызстандагы АКШ департаментинин колдоосу менен Accessalumning ассоциасы өлкөнүн баардык аймактарындагы жаштардын катышуусунда “ЛЕД КЕРБЕН 2021” аттуу эко кербени Жалал-Абад шаарында болуп өтүп, ага Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жаштар комитетинин өкүлдөрү Адилет Усенов жана Мээримай Нуриева катышышты.

Аталган кербендин башкы максаты өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо менен аны чечүү жолдорун сунуштоо болуп эсептелет. Долбоордун негизинде катышуучулар социалдык долбоор жазууга мүмкүнчүлүк алышат. Кербендин жүрүшүндө азыркы экологиялык көйгөйлөр талкууланып, аны чечүү жолдорунун бир нече түрлөрү коомчулукка сунушталды. Жыйынтыгында, ар-түрдүү суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучуларга сертификат тапшырылды.