AVN







ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ

ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ
 Feb 14, 2018  1063

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 13-февралда “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болду. Ал Ооган Республикасынан Советтик аскерлеринин чыгарылышынын 29 жылдыгына арналып өткөрүлүп, ага окуу жайда эмгектенген 6 ардагер конок катары күбө болушту.

    Иш-чара Педагогикалык жана маалымат технологиялар факултети тарабынан уюштурулган. Факультеттин деканы Сапарбек Ажыкуловдун, - бүгүнкү күндүн максаты Ооган согушунун ардагерлеринин интернационалдык милдеттерин кийинки муунга даңазалоо. Студенттер менен ардагерлерди жолуктуруп, жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин ойготуу болду. Өткөндү эстеп, тарыхка саресеп салуу менен келечекке бет алабыз. Андыктан мындай улуу майрамды көз жаздымда калтырбоо керек – дейт декан.

  Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Он жылга созулган согушта 13833 жоокер, 179 офицер каза болгон. Оор жаракат алган жоокерлердин саны 49985ге жетсе, офицерлердин саны 7132 түзгөн. Майыптардын саны 6669 болсо, 300 жоокер дайынсыз жоголгон. Ал эми 76 аскер Советтер Союзунун Баатыры, 200000 жоокер күжүрмөн орденинин ээси болуп, жалпы 546255 аскер кызмат өтөгөн.

    Ал эми ЖАМУда 6 Ооган ардагери эмгектенет, алар, Кеңешбек Усенов окуу жайдын ректору жана кызматкерлер Абдыжапар Шерматов, Шамшидин Нурдинов, Рахимжан Сарымсаков, Камчыбек Сабиров, Марат Мамытов. Аларга арнап студенттер чакан концерттик программа тартуулашты.

  • ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ
  • ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ
  • ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ
  • ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ
  • ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ
  • ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ
  • ООГАНЧЫЛАРГА ТААЗИМ