AVN







ХИМИКТЕР VIII АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫШТЫ

ХИМИКТЕР VIII АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫШТЫ
 Dec 4, 2021  569

 

2021-жылдын 30-Ноябрь күнү ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференция болуп өттү. Конференция офлайн жана онлайн форматында өткөрүлүп, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, БатМУ, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана студенттери онлайн катышышты.

Пленардык заседаниеден кийин конференциянын иши 16 секцияда   улантылды.

Аталган конференцияга Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Химия адистигинин студенттери Алмазбек кызы Мээрим жана Кенжаева Мехрибону XVI Табигый жана айыл чарба илимдери секциясына катышып, Кенжаева Мехрибону “Химия в сфере медицины” аталышындагы доклады менен  баяндама жасады. Ал эми Алмазбек кызы Мээрим “Ичилүүчү суунун курамындагы темир иондорунун концентрациясын азайтуунун методдору” аталышындагы мыкты баяндама жасап, жыйынтыгында 2-даражадагы дипломго ээ болду.  

Студенттерге жана аларга жетекчилик кылган мугалимдерге ийгиликтерди каалайбыз!

  • ХИМИКТЕР VIII АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫШТЫ