AVN







МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ

МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
 Dec 4, 2021  782

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасында ТИББ(Х)маг-1-20  тайпасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар  катышып, илимий-педагогикалык практикада аткарылган жумуштарын презентациялашты.

Илимий-педагогикалык практика 2021-жылдын 4-октябрынан 20-ноябрына чейин 7 жумалык мөөнөттө Жалал-Абад областынын райондорундагы, Жалал-Абад шаарындагы мектептерде жана ЖАМУнун Фармация жана МБД кафедрасында өткөрүлдү.

          Магистранттардын илимий-педагогикалык практикасы – орто мектептин жана жогорку окуу жайларынын окутуучусунун кесиптик чеберчилигин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган илим-изилдөө иштеринин  ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.

       Илимий-педагогикалык практиканын жүрүшүндө магистранттар мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу планындагы дисциплиналардын окуу программалары менен таанышышты. Сунушталган предметтер боюнча лекциялык, практикалык сабактардын үлгүлөрүн, программага ылайык тесттик тапшырмаларды иштеп чыгышты, илимий темасы боюнча  эксперименттерди жүргүзүштү.

  • Конференциянын жүрүшүндө магистранттардын отчет, күндөлүктөрү текшерилип бааланды. Магистранттар практика учурунда аткарган жумуштарын презентация аркылуу баяндап беришти. Химия кафедрасынын башчысы  Н.Б. Арстанбекова магистранттар Сулайманова Айназик менен Бешкемпирова Назиранын отчеттору өзгөчөлөнгөндүгүн белгиледи.

Конференциянын соңунда кафедранын профессордук-окутуучулук курамы  магистранттардын илимий-практикалык практикасынын отчетторун баалашып,   жыйынтыкташты.

  • МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ