“Манас жана манасчылык өнөрдүн табияты” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү
Dec 4, 2021 441
Көрүнүктүү манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына жана 4-декабрь “Манас күнүнө” карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмү жана кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн “Манас жана манасчылык өнөрдүн табияты” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция 3 бөлүк менен өткөрүлдү.
1-бөлүктө “Ой ордосу – “Манаста” аталыштагы слайд берүүдө кыргызга белгилүү манасчылар манас айтышып, көрүнүктүү кумуштуулардын “Манас” жана манасчылык өнөрдүн табияты жөнүндөгү ойлору чагылдырылды. (Калыбаева М.К. – Ч.Айтматов атынд. Тил жана адабият таануу институтунун проф., ф.и.д., Айталиева Т.К. – ТалМУнун доценти, ф.и.к., Жамгырчиева Г. – ОшМУнун профессору, ф.и.д.) Абдувалиев И.А. – Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору, ф.и.д., “Манас” эпосунун тили тууралуу сөз”. Ушул эле бөлүктө Т.Тыныбеков атындагы филармониянын режиссер-сценаристи, манасчы Алимбай Маатов менен Пк-18 тайпасынын студенти Шерикбай кызы Айдай манас айтышты.
2-бөлүктө “Манас” темасына байланыштуу окумуштуулардын баяндамалары окулду. Темалары: “Манас” эпосунун тили, “Манас” эпосу – тарыхый этнографиялык булак”, “Сейдененин семетейчилик өнөрү”, “Эр Табылды” эпосунун сюжеттик көрсөткүчү”, “Эр Табылды” эпосунун тематикалык көрсөткүчү”, “Манас” эпосундагы чечендик сөздөр”.
3-бөлүктө “Манас” боюнча викториналык суроо-таймаш берилди. Жыйынтыгында мыкты баяндамачыларга, манас айтуучуларга, активдүү катышкандарга дипломдор берилди.