AVN







МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
 Dec 4, 2021  428

Башталгыч класстарда окутуу адистигинин окуу планына киргизилген «Балдарды мектепке даярдоо» предметинин милдетин, өзгөчөлүктөрүн, артыкчылыктарын, жоопкерчилигин, зарылдыгын билүү максатында, БКМб-3-19 тайпасынын студенттери Сузак районунун №83 З. Жамашев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалимдер жамааты менен жолугушушту. Башталгыч класстар бирикмесинин жетекчиси Н.Тилекеева  26 жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул дисциплина  окуучунун таанып билүүсүн өнүктүрүүго, сабаттуулукка үйрөтүүгө, окуучулардын шык-жөндөмдөрүн өстүрүүгө, жөнөкөй математикалык түшүнүктөр менен тааныштыруудагы окутууга  багытталгандыгын белгилеп, үйрөнүүдө олуттуу мамиле керектигин студенттерге эскертти. Балдарды мектепке даярдоо классы менен иш алып барган мугалимдин милдети менен тааныштырды. Балага өзгөчө аяр мамиле жасоо, аны менен катар ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, кандай иш чаралар пландаштыруу керектигин үйрөттү. БКМди 2021-жылы бутургон Толтоева Айгерим аталган мектепке жумушка жайгашып, учурда алгылыктуу иш алып барып жаткандыгына токтолду. Мугалим учун жанылануу кун сайын керектигин, кесибин өркүндөтүү үчүн курстарга, чогулуштарга, тренингдерге ж.б.катышып  өз тажрыйбасын башкаларга жайылтуу зарыл экендигин  о.э. бул жолугушуудан заманбап технологияларды колдонууну үйрөнгөндүгүн айтты.  Ал эми мугалим З.Толошова учурдагы студенттердин кол жазмасына көңүл буруу керектигине токтолду.  Студенттер мектеп мугалимдерине ыраазычылыктарын билдирип, кызыктырган бир нече суроолоруна жооп алышты. Уюштуруучу С.Тобокелова  практик адистер менен болочок адистердин жолугушуусу өз максатына жеткендигин билдирди.

 

  • МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
  • МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
  • МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ