AVN







КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ КРИМИНАЛИСТТЕР - ЖАМУДА

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ КРИМИНАЛИСТТЕР - ЖАМУДА
 Dec 4, 2021  383

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык факультетинин ЮК-1-18 тайпасынын студенттери криминалистика сабагынан практикалык саатты Жалал-Абад областтык ичики иштер башкармалыгынын криминалистика бөлүмүндө өттү.

Жалал-Абад ОИИБнын криминалистика бөлүмүнүн ага инспектору милициянын ага лейтенанты Ж. Шерматов студенттерге теория менен практикалык сабактын артыкчылыктары жөнүндө айтып бериди. Анда студенттер бөлүмдүн кызматкерлери менен жолугуп, алардын иш-тажрыйбасы менен жакындан таанышты. Ал эле эмес, теориалык түрдө өтүлгөн сабактардын практикалык көрүнүштөрүн өздөрү да жасап көрүштү. Кайсыл учурда микраскоп колдонуларын, аны кантип пайдалануу керектигин адистер студенттерге түшүндүрүп берди.

Микроскоптун жардамында наркотикалык затка анализ чыгаруу жараянын көргөн студенттер өз кесибине болгон кызыгуусу дагы да артканын окууну ийгиликтүү аяктап, мыкты адис болоорун убада кылышты.     

  • КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ КРИМИНАЛИСТТЕР - ЖАМУДА
  • КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ КРИМИНАЛИСТТЕР - ЖАМУДА
  • КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ КРИМИНАЛИСТТЕР - ЖАМУДА
  • КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ КРИМИНАЛИСТТЕР - ЖАМУДА
  • КЕЛЕЧЕКТЕГИ МЫКТЫ КРИМИНАЛИСТТЕР - ЖАМУДА