AVN

СПИД менен күрөшүү маселесин чечүүдө бирдиктүү улуттук программа керек

СПИД менен күрөшүү маселесин чечүүдө бирдиктүү улуттук программа керек
 Dec 4, 2021  383

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина макультетинин госпиталдык терапия кафедрасынын демилгеси менен «1-декабрь Буткул дуйнолук АИВ  (ВИЧ) жана СПИД оорусуна каршы» күрөшүү күнүнө карата,  5-6 курстун студенттеринин арасында уюштурулган мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин ачылышында беш кишиден турган калыстар тобу бекитилип, 5-6 курстун студенттери, медицина факультетинин салты болуп калган илимий-практикалык конференцияларынын өтмө «Илим ачкычын» 1-курстун студенттерине тапшырышты.  Таймаштын талабы боюнча, эки «Борцы» жана «ЗОЖ»  деген тайпаларга бөлүнүп, беш баскычта күч сынашты. Калыстар тобунун чечими боюнча эң жогорку упайды, алтынчы курстун «Борцы» аттуу тайпасы алып, жеңишке жетти. Биринчи, экинчи орунду ээлеген тайпаларга акчалай сыйлыктар берилди жана «Ардак граматалар» менен сыйланышты.

Соңунда госпиталдык терапия кафедрасынын башчысы Калдарбек Абдраманов, - СПИД менен күрөшүү маселесин чечүүдө медицина кызматкерлери гана эмес, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да өз салымын кошушу керек. Менин оюмча, өлкөдө бирдиктүү улуттук бир программаны ишке ашырууга баарыбыз салым кошууга милдеттубуз- деди.

  • СПИД менен күрөшүү маселесин чечүүдө бирдиктүү улуттук программа керек