AVN







СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021

СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
 Dec 4, 2021  548

2021-жылдын 17-ноябрында КРнын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин “Жаштар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви” аттуу ураанынын алкагында, “10-ноябрь Эл аралык жаштар күнү жана 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө” карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаштар  комитети жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган “СТУДЕНТТИК ФОРУМ – 2021” иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты – Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун студент-жаштарына туура багыт көрсөтүү, жаңы коомдук долбоорлор менен таанышуу, жаштардын демилгелерин колдоого багытталган форумдун алкагында келечектин ээлери аталган жаштардын бүгүнкү көйгөйлөрү жана эртеңки өнүгүү жолдору талкууланмакчы. “Студенттик форум-2021” иш-чарасына университеттин баардык факультеттеринин, колледждеринин алдыңкы студент жаштары жана мамлекеттик мекемелердин жаш өкүлдөрүнөн турган делегаттар катышышты.

Форумдун жүрүшүндө жаңы социалдык долбоорлор, жаштар демилгелери жана Кыргыз Республикасында жаштар саясатын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү талкууланып, еРРмындан тышкары жаштар менен жандуу пикир алмашуу үчүн ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж Усеновдун катышуусунда өтмөкчү. Ошондой эле, иш-чаранын биринчи бөлүгүндө Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун мыкты бүтүрүүчүлөрү: ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору, тех.и.к., доцент – Куваков Сталбек Жеңишбекович, К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин профессору, “Математика, информатика жана педагогика” кафедрасынын башчысы, тех.и.к., доцент – Асилова Зульфия Атамырзаевна, НИМСИнин доценти, “Табигый-гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынын башчысы, т.и.к., – Анарбекова Венера Эркинбековна, Көк-Жаңгак шаарынын мэри – Замирбеков Баяман Замирбекови, Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын президенти, Билим берүүнүн мыктысы, х.и.к., доцент Эрназарова Бактыгуль Кочкорбаевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиаттары: КРнын Президенттинин “Үмүт” стипендиясынын ээси, “Фрезениус Медикал Кеа Кыргызстан” медицина борборунун Жалал-абад облусундагы бөлүмүнүн башчысы – Иркеев Иляз Рустамович, Азия оюндарынын күмүш, коло медалынын ээлери: Азия оюндарынын кыргыз күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, спорт чебери Сексенбаев Элдияр Абдивалиевич жана белгилүү коомдук ишмерлердин, жаш активисттердин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө белгилүү жаштар өздөрүнүн ийгилик чойрөсүндөгү тажрыйралары менен жандуу пикир алмашышты.

  • Чыңгыз Урматаалиев – Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин Жалал-Абад облусу боюнча төрагасы: “Жаштар конгресси жана анын миссиясы”;
  • Замир Сулайманов – КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы: “Профсоюздун ишмердүүлүгүндө жаштардын ролу”;
  • Күмүшай Орозкулова – жаш спортчу: “Эч качан артка кайтпа!”;
  • Эльгиза Кенжебаева – жаш дарыгер: “Азыркы студент-жаштардын ден соолукка туура кам көрүүсү”;
  • Рахат Борбиева – туризм багытындагы адис: “Жаштар үчүн туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөр”;

Мунара Мамадалыева – жаш юрист: “Жаштар шайлоодо. Жаңы шайлоо системасы”.

Форум өлкө башчыбыз “Жаштар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви!” аттуу ураанынын астында өткөрүлмөкчү.

  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021
  • СТУДЕНТТИК ФОРУМ-2021