AVN







ЖАҢЫ ДООРГО – КЫРК КАДАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

ЖАҢЫ ДООРГО – КЫРК КАДАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Feb 12, 2018  1131

Экономикалык-юридикалык факултетинде 7-10-февраль күндөрү Кыргыз өкмөтүнүн  “Жаңы доорго – кырк кадам” долбоору боюнча аталган факултеттин мугалимдери тарабынан ачык куратордук сааттар өткөрүлдү.

   Экономикалык-юридикалык факултетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Эмиль Төлөнов “Жаңы доорго – кырк кадам” долбоорунда социалдык-экономикалык өнүгүү программасы камтылган. Биз ушул тармакта адистерди тарбиялап жаткан соң, долбоордун ар бир кадамын студенттер менен биргеликте талкуулап, алардын келечекке болгон шыктануусуна дем бердик. Келечек жаштардын колунда демекчи, жаш муун алдыда болчу иштерге, мамлекеттин өнүгүүсүнө жана келечегине кайдыгар болбош керек деген максатта ачык куратордук сабактар уюшулду деп билдирди Э. Төлөнов.

   Ал эми экономикалык-юридикалык факултетинде жалпы 11 тайпа болсо, анда 195 студент билим алат. Жогорудагы ачык куратордук саатка бардык тайпа катышып, ар бирине өз-өзүнчө сааттар өткөрүлдү.

  • ЖАҢЫ ДООРГО – КЫРК КАДАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ЖАҢЫ ДООРГО – КЫРК КАДАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ЖАҢЫ ДООРГО – КЫРК КАДАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ЖАҢЫ ДООРГО – КЫРК КАДАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ЖАҢЫ ДООРГО – КЫРК КАДАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ