AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Dec 4, 2021  313

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университенин Жалал-Абад колледжинде Thanksgiving day”- аталышында майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу чет тили адистигинин окутуучулары Айнура Бостонова жана Нурайым Эргешова кабарлады.

  Иш-чара башталгыч класс мугалими тайпаларынын студенттеринин арасында болду. Анда студенттер саламдашуу, майрам жөнүндө слайд, презентацияларды көрсөтүштү.  Аны менен катар бул майрамдын тарыхы жөнүндө күйөрмандарга англис тилинде баяндап айтып беришти. Майрамдык кечеде таланттуу студенттер англис тилинде ыр ырдап, чимириле бийлешти.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай саамалык ар жылы окуу жайда уюштурулат. Иш - чаранын максаты студенттерди Америка, Британия элдеринин салты болгон Thanksgiving day (ыраазычылык күнү) майрамынын тарыхы менен тааныштыруу жана студенттердин англис тилине болгон кызыгусун арттыруу.

 

.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ