AVN







БИЗ ДАЙЫМА БИРГЕБИЗ

БИЗ ДАЙЫМА БИРГЕБИЗ
 Dec 4, 2021  376

Филология факультетинин профессордук - окутуучулук курамы, студенттер менен биргеликте 3- декабрь - майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Биз биргебиз” аттуу акция өткөрдү. Бул тууралуу  филология факультетинин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары Байырбек Ашур уулу билдирди.

Профессордук-окутуучулар курамы менен студенттерден түзүлгөн топ  Жалал- Абадтагы балдардын психоневрологиялык социалдык, стационардык мекемесине барып, ал жайда даарыланып жаткан балдардын абалынан кабар алган. Аларга материалдык жардам көрсөтүү менен бирге, таланттуу студенттер тарабынан балдарга концерттик программа тартууланып, белектер берилген.

Уюштуруучулардын айтымында бул иш-чараны максаты, адамдардагы мээримдүүлүк сезимин ойготуу, таш болуп каткан жүрөктөрдү жумшартуу, эң негизгиси калктын аярлуу катмарынан орун алган бир туугандарыбызга кам көрүү жана алардын көңүлдөрүн көтөрүү.   

 

  • БИЗ ДАЙЫМА БИРГЕБИЗ