AVN







ӨЗ УКУКТАРЫНДЫ БИЛ

ӨЗ УКУКТАРЫНДЫ БИЛ
 Dec 4, 2021  429

2021-жылдын 1-декабрь күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун ЭЮФтун Юридикалык клиникасынын студенттери тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына “Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам: өз укуктарынды бил” аталышында флешмоб уюштурулду.   Флешмобдо студент-клиницисттер жарандарга КРнын “Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө”, акысыз юридикалык жардамды кайсыл жерде кимден ала тургандыгы тууралуу маалымат беришти.

 Аталган иш-чарага бардыгы болуп 15 команда катышкан. Алар Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын юридика адистигинде билим алган студенттерден куралган. Ал эми Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен “Юрлига” командасы катышкан. Юридикалык клиниканын жетекчиси Нурмамбет Кулушовдун айтымында акцияны уюштурууга Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам борборунун регионалдык жетекчиси Эрмек Камашов көмөк көрсөтүп, акысыз юридикалык жардам тууралуу буклеттер, жабдуулар менен камсыз кылган.  

Эске салсак, ЖОЖдор аралык сынак “Адам, укук, эркиндик” коомдук фонду, Сорос-Кыргызстан фондунун Улуттук программасынын колдоосу менен  уюштуруп жатат. 

 

  • ӨЗ УКУКТАРЫНДЫ БИЛ
  • ӨЗ УКУКТАРЫНДЫ БИЛ
  • ӨЗ УКУКТАРЫНДЫ БИЛ