AVN







“МАНАС”-КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ

“МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ
 Dec 3, 2021  9377

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин  немец тили жана  адабияты  кафедрасына  караштуу  НТ-1-21 жана НТ-1-20 тайпаларынын ортосунда “ Манас” жумалыгына карата викторина өткөрүлдү. Викторинанын жүрүшүндө ФФнын деканы ф.и.к.А.Калмурзаева  сөз сүйлөп, ийгиликтерди каалады.

      Викторинанын максаты, жаштардын  Манас атабыз жөнүндө кеңири билүүсүнө шарт түзүү. «Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Кыргыз эли өткөн миң жылдыктагы адамзаттын дүйнөлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту деп сыймыктануу менен баса белгилесек болот – дешет уюштуруучулар.
Иш-чарага тайпалардын студенттери активдүү катышып НТ-1-20 группасы  1-чи орунду ээледи.  Эки тайпанын ортосунда суроо жооптор берилип студенттер өздөрүнүн  логикалык жактан күчтүүлүгүн  көрсөтүшүп  берилген  суроолорго  жооп  беришти. Викторинада калыстар тобу  түзүлүп, жыйынтыгында   НТ-1-20 тайпасынын студенттери жеңүүчү аталып диплом менен сыйланды.

  • “МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ
  • “МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ
  • “МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ
  • “МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ
  • “МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ
  • “МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ
  • “МАНАС”-КЫРГЫЗ  РУХУНУН  ТУУ  ЧОКУСУ