AVN







“ЖАШТАР СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ”

“ЖАШТАР   СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ”
 Dec 2, 2021  540

        Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 2021-жылдын  25-октябрындагы №39-б буйругуна ылайык  “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүн” белгилөө  максатында медициналык колледжинин студенттери арасында “Жаштар СПИДге каршыбыз” деген темада конок лекция өтүлдү. Конок  лекцияга  Жалал-Абад  областынын  СПИД борборунун  дарыгерлери  Мамашов  Мыктыбек Кубанычбекович, Турдукулов  Нургазы Талипович  тарабынан  студенттерге ВИЧ/СПИД деген эмне?, СПИДдин жугуу жолдору, андан кантип сактануу керек, СПИДге кабылып калган адамга кантип жардам берүү керектигин,  дүйнө жүзүндөгү, Кыргызстандагы статистика боюнча маалымат  бериштип.

      Сатар кызы Ширин, Калык кызы Гулида конок лекцияга катышкан студенттерден  “Слоновой  экспресс  на ВИЧ” деген анализ алышып, студенттерди да текшерүүдөн өткөрүштү.  Конок лекцияда студенттер көптөгөн маалыматтарды алышты.  Тайпалар арасында  1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү  күнүнө” карата студенттердин кол эмгегинен жаралган сүрөт көргөзмөсү да колледждин фаэсине уюштурулду. Медициналык окуу жайы болгондугуна байланыштуу студенттер ар жылы ВИЧ/СПИД илдети  жөнүндө тынбай конок лекция, ар бир тайпага куратордук сабактар, адистиктер боюнча сынактар, тегерек столдор тынымсыз өткөрүлүп, сүрөт көргөзмөсү уюшулуп турат, ВИЧ/СПИД оорусуну токтотууга ар бир жараан кайдыгер карабай, түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүп туруу керек дейт - колледждин тарбия  иштер боюнча директордун орун басары Г.И.Темирбаева.

  • “ЖАШТАР   СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ”
  • “ЖАШТАР   СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ”
  • “ЖАШТАР   СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ”