AVN







КОЛ ОЙНОТКОН КОМУЗЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ БОЛДУ

КОЛ ОЙНОТКОН КОМУЗЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ БОЛДУ
 Feb 8, 2018  906

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 7-февраль күнү ЖАМУнун студенттерининарасында кол ойноткон комузчулардын “Ойно комуз” аталышындагы сынагы болуп өттү. Сынакка жалпы 12 студент катышышты.

    Аталган сынакты окуу жайдын жаштар комитети жана ЖАМУнун алдындагы  “Маданий эстетикалык” борбор менен биргеликте уюштурулган. Анын максаты унверситеттеги өнөргө кызыккан, комузда кол ойноткон комузчулардын башын бириктирип, чыгармачылыктарын өркүндөтүү деп билдирди маданий эстетикалык борбордун кызматкери Нурбек Шамуратов.

    Сынактын жыйынтыгында катышуучуларга 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды. Мындан ары таланттуу, чыгармачылыгын өркүндөтүүнө каалаган жаштарга комуз сабагынан атайын ийрим уюштурулат деп кошумчалады Н. Шамуратов.

  • КОЛ ОЙНОТКОН КОМУЗЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ БОЛДУ
  • КОЛ ОЙНОТКОН КОМУЗЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ БОЛДУ
  • КОЛ ОЙНОТКОН КОМУЗЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ БОЛДУ
  • КОЛ ОЙНОТКОН КОМУЗЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ БОЛДУ
  • КОЛ ОЙНОТКОН КОМУЗЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ БОЛДУ