AVN

ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ

ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ
 Dec 2, 2021  380

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин  немец тили жана адабияты кафедрасына караштуу НТ-1-19 жана НТ-1-21 тайпалары менен биргеликте куратордук саат өтүштү.

   Тайпалардын кураторлору Б.Молдобаева жана Н.Бекиева СПИД жөнүндө маалыматтарды жасашты. НТ-1-19 тайпасынын студенти Абдували кызы Адашгүл "Биз СПИДке каршыбыз" деген темада баяндама  жасады. Баяндаманын  негизинде студенттердин арасында суроолор берилип талкуу болду жана маалыматтар берилди.

   Иммунитет жетишсиздик оорусунун синдрому (СПИД), ИЖОС - адамдын эң коркунучтуу жугуштуу оорусу. Анын азырынча (2009-ж.) айыкпастыгы, калк арасында тез таралып кетиши, оорулуунун өтө кыйналышы, акыры өлүмгө дуушар болору аныкталган. Ошондуктан ал 20-кылымдын «чумасы» деп аталган. Бул оору жөнүндө алгачкы маалыматтар 1981-ж. АКШда чыгуучу «Оору жана өлүм» аттуу жумалык кабар журналында жарыяланган. Анда соо жүргөн адамдардын арасында айыкпаган, узакка созулган пневмония жана теринин рак оорусу тез арада көбөйүп кеткендиги айтылган. Бул жаңы пайда болгон ооруда адам организминин иммунитет системасынын жабыркашы аныкталган. Мында иммунитет системасын тейлөөчү, иммунитетке жооптуу кандын айрым клеткаларынын түрү тез азайып, акыры канда алардын саны кескин жоголуп кетиши далилденген.

  • ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ