AVN







БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ!

БИЗ  СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ!
 Dec 1, 2021  551

Табигый-техникалык факультетинин География  кафедрасында  1-декабрь «Бүтүл дүйнөлүк  СПИДке каршы күрөшүү күнүнө» карата  «Биз  СПИДке  каршыбыз» деген  аталышта  иш-чара болуп өттү. Учурда ВИЧ, СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген ойдо бул иш-чара уюштурулду..

           Студенттер атайын программанын негизинде СПИД боюнча баяндамаларды жасашып, оору  жугузуп  алуунун  жолдорунан  сахналаштырылган көрүнүш  аткарып  беришти. Андан сырткары оору кандай жол менен кантип жугаары туурасында түшүндүрүп беришти.

СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат: СПИД илдетине кабылган донордун – кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан.

Ал эми СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Оорунун белгилери дароо билинбейт. Мындай абал айлап, жылдап созулушу мүмкүн. СПИДдин эң негизги белгиси болуп – адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн – иммунитетинин алсызданышы, бузулушу боюнча студенттер маалымат алышты.

  • БИЗ  СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ!
  • БИЗ  СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ!
  • БИЗ  СПИДГЕ   КАРШЫБЫЗ!