AVN







СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ

СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
 Dec 1, 2021  415

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин госпиталдык терапия кафедрасынын демилгеси менен   «1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк  АИВ (ВИЧ) жана СПИД оорусуна каршы» күрөшүү күнүнө карата, 5-6 курстарынын студенттеринин арасында уюштурулган мелдеш өткөрүлдү.           Мелдештин ачылышында беш кишиден турган калыстар тобу бекитилип, 5-6 курстардын студенттери, медицина факультетинин салты болуп калган илимий-практикалык конференцияларынын өтмө илим ачкычын 1-курстун студенттерине тапшырышты. 

Таймаштын талабы боюнча,  эки «Борцы» жана «ЗОЖ»  деген тайпаларга бөлүнүп жана беш баскычта күч сынашты. Калыстар тобунун чечими боюнча эн  жогорку упайды, алтынчы курстун «Борцы» аттуу тайпасы алып, женишке жетти. Биринчи, экинчи орунду ээлеген тайпаларга акчалай сыйлык берилип жана «Ардак грамоталар» менен сыйланышты. 

- СПИД  менен күрөшүү маселесин чечүүдө медицина кызматкерлери гана эмес, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да өз салымын кошушу керек. Менин оюмча, өлкөдө бирдиктүү улуттук бир программаны ишке ашырууга баарыбыз салым кошууга милдеттүүбүз  - деп Госпиталдык терапия кафедрасынын башчысы К.А. Абдраманов жыйынтыктады.

 

  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ
  • СПИД  МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕСИ