AVN







КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУ

КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУ
 Nov 30, 2021  391

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) ректорун шайлоону уюштуруу боюнча түзүлгөн комиссиясынын отуруму 26.11.21-ж. ЖАМУнун башкы имараты кичи жыйындар залында                                                 саат 10:00 болду.Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып чечим кабыл алынды.

 

Каралган маселелер:

  1. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн ичинен уюштуруу комитетинин катчысын шайлоо;
  2. ЖОЖдун жамаатынын жалпы чогулушунун датасын аныктоо;
  3. ЖОЖдун жетекчилигине талапкерлерди көрсөтүү, аларды каттоо мөөнөтү жөнүндө кулактандырууну массалык-маалымат каражаттарына жарыялоонун убактысын аныктоо;
  4. ЖОЖдун жетекчилигине талапкерлерди кароо жана аларды каттоонун мөөнөтүн белгилөө;
  5. Жалпы шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнөн жана ЖОЖдун кызматкерлеринин ичинен жумушчу топ түзүү;
  6. Уюштуруу комитетинин экинчи отурумун өткөрүүнүн датасын белгилөө.

 

Кабыл алынган чечимдер:

 

        1. Уюштуруу комитетинин катчысы болуп А.Д.Эгембердиева шайлансын.

2.1. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин    жамааты     менен      жолугушуу    2021-жылдын  21-декабрында саат 9.00дө ПМТФнын окуу корпусундагы чоң жыйындар залында жалпы жамааттын чогулушу, ЖАМУнун ректорун шайлоо өткөрүлсүн.

2.2. ЖАМУнун жетекчилигине жалпы жыйынды жана ЖАМУнун ректорун шайлоону өткөрүү даярдыктары жүргүзүлсүн.

3.1. Массалык-маалымат каражаттарына ЖОЖдун жетекчилик кызматына талапкерлерди каттоо жана шайлоонун мөөнөтү жөнүндө кулактандырууну “Эркин-Тоо” жана “Кыргыз Туусу” гезитеринин 30.11.21 күнүндөгү санына берүү уюштуруу комитетинин катчысы  А.Д.Эгембердиевага милдеттендирилсин.

3.2. Факультеттердин кулактандыруу доскаларына жана ЖАМУнун сайтына жайгаштыруу уюштуруу комитетинин катчысы  А.Д.Эгембердиевага милдеттендирилсин.

4. ЖОЖдун жетекчилигине талапкерлерди кароо жана аларды каттоонун мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрынан 9-декабрь саат 17:00гө чейин деп белгиленсин.

5. Жалпы шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн: А.Акматова - төрайым, М.Маткаримова, Г.Токтогулова,  профессордук-окутуучулар курамы боюнча кадрлар бөлүмүнүн башкы инспектору А.Жамашова, пландоо-экономика бөлүмүнүн башчысы П.Абдыкадыров - мүчөлөрү.

6. 2021-жылдын 10-декабрында саат 10:00дө уюштуруу комитетинин экинчи отуруму өткөрүлсүн.

 

Уюштуруу комитети